16.05.2018 15:41

«Апрель» телеканалы Ош шаарынын тележурналисттерин жана операторлорун мастер-класска чакырат

«Апрель» телеканалы Ош шаарынын тележурналисттерин жана операторлорун мастер-класска чакырат

«Апрель» телеканалы Ош шаарынын тележурналисттерин жана операторлорун мастер-класска чакырат. 

Теле жаатындагы ЖМК өкүлдөрү менен бир жолку жолугушуу 19-майда саат 11:00дө Ош шаарынын Заднепровский көчөсү, 26 дареги боюнча жайгашкан «Youth of Osh» бирикмесинин кеңсесинде өтөт. 

Анда «Апрель» телеканалынын башкы режиссеру, башкы редактору, продюсери жана башкы оператору тажрыйбасы менен бөлүшөт. 

Мастер-класстын программасы:

  • Интернет менен атаандашуу үчүн теле берүүнүн форматын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү;
  • Жаңылыктар программасына маалыматтарды иргөө принциптери;
  • Теле материалдарды баалоонун жаңы критерийлери жана принциптери;
  • Жаңылыктар программасында иштеген операторлор үчүн: жаңы көз караш менен тартуу, монтаж, графикалар менен коштоо;
  • Бирдиктүү видео-хаб түзүү жана «Апрель» телеканалы менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү.